“Алманбет Анапияев жетектеп келген Алыш федерациясынын жаңы президенти жыл соңунда шайланат” дейт Чолпон Султанбекова

Алманбет Анапияевдин өлүмүнөн кийин Эл аралык алыш-бел боо федерациясы президентсиз калды. Учурда анын ордуна президенттик кызматты аткаруу үчүн талапкерлер көп. Мындай маалыматты Алыш күрөшү боюнча азиялык федерациянын жетекчиси, ЖКнын депутаты Чолпон Султанбекова билдирди.
Анын айтымында, азырынча президенттин милдетин аткаруучу болуп федерациянын буга чейинки ардактуу президенти Александр Медведь дайындалат. 7-мартта өтө турган отурумда бул боюнча так чечим чыгат. “Учурда президенттикке арабдар, ирандыктар, түркмөнстандыктар жана бир катар Европа өлкөлөрүнүн федерациялары талапкерлерин көрсөтүп жатышат. Жаңы президенттин ысымы 2015-жылдын декабрь айында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтө турган конференцияда белгилүү болот деп ойлойм”,- деп кошумчалады Ч.Султанбекова. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
ota.88

05.03.2015. 14:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иран араб туркторду аралаштырбай эле откорсо болбойбу же эмне кыргызда бычакка сап болчу жигиттер калбадыбы? Калбашы да мумкун эми эле тоосу корунгон жигиттерибизди атып олтуруп жатса эх кыргызым кыргызым деги аачан онолобуз
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.