Бишкектеги бир катар кафе, самсакана, тез тамактануучу жайлардын ишине тыюу салынды
Бишкектеги бир катар кафе, самсакана, тез тамактануучу жайлардын ишине тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Садырбекова билдирди.
Анын айтымында, текшерүү 26-февралдан бери жүрүп келет. Бул убакыт аралыгында 150гө жакын тамактануучу жай текшерилген. Анын негизинде айрым кафе, самсакана жана тез тамактануучу жайлардын абалы ветеринардык жана санитардык нормаларга жооп бербегендиктен, ишине тыюу салынган. Ошондой эле Рахат Садырбекова азырынча эшек этинен тамак жасоо фактысы каттала электигин айтты.
Айта кетсек, буга чейин Ак-Жол айылынан союлган эшектердин эттери табылган. Айрымдар анын шаардагы эт сатуучу жана тамактануучу жайларга таратыларын айтышкан. Мындан улам бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Бишкек жана Чүй облусунун аймагындагы эт сатуучу, тамактануучу жайларды текшерүүгө ала баштаган эле.









1 |