Жогорку Кеңеш өлкөнүн Бажы биримдигине кирүүсүнө байланыштуу учурдагы техникалык регламенттерди колдонуудан чыгарды
Бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңеш "Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кошулуусуна байланыштуу учурда колдонуудагы техникалык регламенттердин күчүн жоготту" деп табуу жөнүндө" мыйзам долбоорун 3-окууда колдоду.
Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын аталган биримдикке кошулуусу менен "Беларусь Республикасында, Казакстан Республикасында жана Орусия Федерациясында техникалык жөнгө салуунун бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга" ылайык, Бажы биримдигинин техникалык регламенттери түз аракетке ээ болот.
Документ эми президенттин кол коюусуна жиберилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

