super.kg logo
  Саясат  

Парламент кичи жеке ишканаларга майда кендерди пайдалануу үчүн мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташууга уруксат берди

 

Бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңеш кичи жеке ишканаларга майда кендерди пайдаланыш үчүн мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташууга укук берүү боюнча мыйзам долбоорун 3-окууда жактырды.

Бул долбоордун демилгечиси, депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында, кичи ишканалар тарабынан майда кен жаткан пайдалуу жерлерди иштетүүдө мамлекеттик түзүмдөрдү колдоо мүмкүнчүлүгү маанилүү боло баштады, анткени бүткүл дүйнө жүзүндө өнөр жайды өнүктүрүүгө чоң маани берилип жатат.

"Кыргыз жеринде 2300дөн ашуун алтындын майда кендери бар, алар кичи ишканалар тарабынан иштетилиши мүмкүн. Эгерде кичи ишканалар тарабынан бул кендердин 1 пайызы гана иштеле турган болсо, анда өлкөдө жылына 7-9 тоннага чейин алтын казылып алынар эле",- деди Рыспаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: