Москва. Сахарово кыштагындагы Миграция борбору мындан ары мигранттарды 24 саат кабыл алат
Москванын четиндеги Сахарово кыштагындагы Көп тармактуу миграция борбору мындан ары 24 саат иштейт. Мындай чечим Москва мэриясы тарабынан кабыл алынганын 4-мартта аталган мекеменин басма сөз кызматы жарыялады. Айта кетсек, буга чейин патентке кезекке турган кыргыз мамлекетинен барган мигранттар патент алууда полиция кызматкерлери борбор алдына зымдан тосулган короого камап алып, иттер менен кайтарарын айтып даттанышып, элчиликке кайрылышкан болчу. Учурда борбор күнүнө бир жарым миң жаранды кабыл алып жатат. Эгерде борбор күнү-түнү иштөө режимине өтсө, 3 миңге жакын мигрантты тейлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
baba.

05.03.2015. 17:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мага десе 36 саат иштешпейби.мигранттын копчулугу кетип жатышатта.мурдакыдай метродо деле корунушпойт анчалык.
alina79

06.03.2015. 01:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир мигранттан Орусиянын капчыгына 15-20мин рубльдан акча тушуп жатат да.Иии... эми акылдарына кирип круглосуточно иштей башташыптыр да.Биздикилерди саап жатышат.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.