super.kg logo

Ош шаарында 70 эне Баатыр эне ордени менен сыйланды

 

Бүгүн, 5-мартта Ош шаарында 8-Март - Айымдардын эл аралык майрамына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө калаа башчысы 70ке жакын энени Баатыр эне ордени менен, 10го жакын көп балалуу энени Эне даңкы медалы менен сыйлады. 

Шаардык мэриядан билдиришкендей, мындан сырткары шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымы жана коомдук иштердеги активдүүлүгү үчүн 40тан ашуун айым Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары, акчалай сыйлыктары менен, 500гө жакын айым баалуу белектер менен сыйланды.

"Көбүңүздөр салттуу түрдө эркектерге таандык деп эсептелген жооптуу кызматтарда иштеп, бул жумуштарды эркектерден кем эмес, керек болсо алардан да мыктыраак аткарып жатасыздар. Экономиканын, бизнестин, маданияттын жана көркөм өнөрдүн бардык чөйрөлөрүндө сиздер жаратып жаткан ийгиликтер алкоого гана арзыйт. Өлкөбүздүн, анын ичинде экинчи ордо калаабыз болгон Ош шаарынын туруктуу өнүгүүсүнө жалпы улуттук башкы милдеттерди, баарыдан мурда салттуу үй-бүлөлүк асыл-нарктарды бекемдөөгө, жаш муунду тарбиялоого, калктын ден соолугуна кам көрүү сыяктуу милдеттерди чечүүгө аялдарды, аялдар уюмдарын мындан да жигердүү аракеттенүүгө чакырамын. 

Кымбаттуу мээрман апалар жана эже-карындаштар, бүгүнкү жаз майрамыңыздар менен куттуктаймын! Жаз майрамы тартуулаган бүгүнкү жаркын маанайыңыздар жүзүңүздөрдөн жыл бою кетпесин!”- деди А.Кадырбаев.

Иш-чара эстрада ырчыларынын майрамдык концерти менен коштолуп, ага шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Улан Примов, Баатыр энелер, эмгектин жана согуштун ардагерлери жана коомдук ишмерлер катышышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: