Элчи Кадыр Токтогулов АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы менен жолугушту

Кыргыз мамлекетинин АКШдагы элчиси Кадыр Токтогулов 4-мартта АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Ниша Бисвал менен жолугушту. ТИМдин маалымат кызматынын билдиришинче, жолугушууда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, кыргыз өлкөсү менен АКШнын мамлекеттик органдарынын ортосундагы алаканы күчөтүү маселеси талкууланды.
Токтогулов өлкөлөр ортосундагы мамилени комплекстүү өнүктүрүү зарылдыгын белгилесе, Бисвал АКШ кыргыз өлкөсүндө парламенттик демократияны өнүктүрүүгө мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

