super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Аялзат биз үчүн мээрман эне, асылкеч жар, жароокер кыз"

 
Жогорку Кеңештин 5-марттагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков жалпы депутаттардын атынан депутат айымдарды, аппарат менен Иш башкармалыгынын кызматкерлерин, парламентте аккредиттелген журналисттерди алдыда келе жаткан 8-Март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Куттуктоодо булар айтылды:

"Урматтуу асылзат айымдар!

Ардактуу кесиптештер, аппарат кызматкерлери! 

Сиздерди Жогорку Кеңештин атынан жаз менен жарыша келип, жарык маанай тартуулаган Эл аралык аялдар күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Аялзаты биз үчүн ар дайым аалам ажары, очок ээси, үй-бүлө куту болуп келген, боло берет! Аялзат – биз үчүн мээрман эне, асылкеч жар, жароокер кыз. Аялзаты – коомдогу зор күч. Азыр аялдар мамлекеттик бийликтин бардык бутактарында, анын ичинде кыргыз парламентинде жигердүү иштеп жатат. Айрыкча аял депутаттарыбыз Кыргыз Республикасынын мыйзамдык базасын бекемдөө, өлкөдө парламенттик демократияны өнүктүрүү жаатында өздөрүнүн бараандуу салымын кошуп келишет. Ал үчүн ар дайым ыраазыбыз.

Кыргыз парламентинин ишин чагылдырып жаткан айым журналисттерди да жаз майрамы менен куттуктай кетким келет. Мындан ары да Жогорку Кеңеш менен коомчулуктун өз ара байланышын чыңдап, элибизге калыс, так маалымат жеткире берүүңүздөргө тилектешмин.

Ардактуу айымдар, сиздерге чың ден соолук, узак өмүр, бакубат турмуш каалаймын. Жараткан жалгап, ак эмгегиңиздердин үзүрүн көрүңүздөр! Эгемен кыргыз мамлекетинин, кыргыз парламентинин өнүгүшүнө өз салымыңыздарды кошо бериңиздер!

Майрамыңыздар менен! Бар бололу, бир бололу!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: