Ноокен районунда карызын бербөө үчүн өзүнүн агасын унаасы менен кошо өрттөп салган жаран кармалды
Ноокен районунда "карызынан кутулуу үчүн өзүнүн агасын унаасы менен кошо өрттөп салган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары кармалган жаран маркумдун 30 жаштагы бир тууган жээни. Ал бизнес баштоо максатында 200 миң сом алып, бирок иши оңунан чыкпай калган. Карызын улам доолаган тууганынан кутулуу үчүн кылмышка шектүү жаран аны тоого алып барып, унаасы менен кошо өрттөп салган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө, кылмышка шектүү камакка алынып, кылмыш иши козголду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Этика нормаларын сактаңыз!