super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз жеринде 9-Майга карата “Эскерүү эстафетасы” жана “Жашыл толкун” акциялары өтөт

 
Кыргыз жеринде Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата “Эскерүү эстафетасы” жана “Жашыл толкун” акциялары өтөт. Бүгүн, 5-мартта акцияларды өткөрүүгө даярдыктар боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны болду. Жыйында депутат Курмантай Абдиев парламенттин Коргоо жана коопсуздук комитети Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоо маселесин талкуулап чыкканын, анда көптөгөн сунуш-пикирлер берилгендигин айтты. “Биз көчөт отургузууну сунуштап жатабыз, бул ишти салтка айлантуубуз керек. Муну менен шаарды жашылдандырууга дагы салым кошобуз”,- дейт депутат. 
Согуштун жана ооруктун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдардын ардагерлер уюмунун төрагасы Тарас Токомбаев мындай иш-чараларга жаштардын жигердүү катышуусун колдоду. “Бул эң башкысы, анткени дал ушул жаштар жеңиштин мураскерлери болуп саналат. Мен аталган акциялар бардык майрамдардын башы болуп, жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта өтөрүнө ишенем”,- деди Токомбаев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: