Ошто жаштарды патриоттуулукка үндөө максатында тазалык акциясы болуп өттү
Бүгүн, 5-мартта Ош шаарында “Жашыл дүйнө – жашоонун булагы” аттуу тазалык акциясы болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Акция жаздын алгачкы жумасындагы 3-Март – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнүнө карата уюштурулуп, “Жашыл дүйнө – жашоонун булагы” аттуу аталышта өткөрүлдү. Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндө 500дөн ашуун жаштар “Ак калпак!” урааны менен шаарды аралап жөө жүрүшкө чыгышып, анын алкагында шаардын борбордук көчөлөрүндөгү жана Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги таштандыларды тазалашты. Иш-чаранын уюштуруучулары билдиргендей, акция жаштарды патриоттуулукка, мекенди сүйүүгө, мекенибиздин тынчтыгын жана тазалыгын сактоого үндөө максатында өткөрүлдү.
Айта кетсек, тазалык акциясы Ош шаарындагы бардык жогорку жана орто окуу жайларынын студенттеринин катышуусунда 13-мартка чейин уланмакчы. Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов, жогорку жана атайын окуу жайлардын студенттери катышты.


