super.kg logo
  Саясат  

Парламенттик шайлоо жөнүндө мыйзамдын жоболору такталууда

 

Жогорку Кеңеште бүгүн, 5-мартта "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору каралды. 

“Шайлоо мыйзамдарын учурдун талаптарына ылайык келтирүү зарылдыгы бышып жетилди. Ошондуктан өзүн актабаган айрым жоболорду алып салуу же алмаштыруу, карама-каршылыктарды жоюу милдеттери турат”,- деп билдирди депутат Наталья Никитенко.

Мыйзам долбооруна ылайык, шайлоо процессине автоматташтырылган технологияларды киргизүү жагы каралууда. Мындай чаралар шайлоо тартибин бузуулар менен бурмалоолорго бөгөт коюуга мүмкүндүк берери айтылды. Ошондой эле шайлоолордун эркиндигин камсыз кылуу жаатында мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын так бөлүштүрүү, партиялардын шайлоо фонддорунун өлчөмдөрүн көбөйтүү сунушталып жатат. Андан сырткары гендердик квотаны сактоого мүмкүндүк берүүчү механизмдер киргизилген.

Талкууда шайлоого жаңы технологиялар киргизилип жатканы, шайлоого биометрикалык маалыматтары бар гана жарандар катыша алары белгиленди. “Биз шайлоолордо жаңы технологияларды кылдаттык менен колдоно башташыбыз керек. Азыркы замандын талабы ушундай. Ал үчүн жарандар маалыматтарын өз маалында тапшырууга тийиш”,- дейт депутат Абдыжапар Бекматов.

Депутаттар тарабынан өткөн шайлоолордо топтолгон тажрыйбаларды эске алуу, биометрикалык маалыматтардын сакталышынын коопсуздугун камсыздоо, шайлоочулардын тизмесин тактоо процессине көзөмөлдү күчөтүү, жарандардын шайлоого катышуучуларына тоскоол болчу көрүнүштөрдү жоюу жаатында сунуштар берилди. 

Жыйынтыгында мыйзамдын долбоору экинчи окуу режиминде кайра кароо үчүн Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетине жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: