Нарын мэриясы тарабынан салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, 300 айымга белектер берилди











Бүгүн, 5-мартта Нарын шаарында 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Мэриядан кабарлашкандай, анда Баатыр энелер, мекеме, ишканалардын кызматкерлери, жетекчилер, депутат айымдар, жеке ишкерлер жана башка чакырылгандар катышышты.
Салтанатты шаар башчысы Рахат Адиев ачып, айымдарды куттуктады. Андан соң бир катар куттуктоолор айтылып, айымдардын дарегине жылуу каалоо-тилектер жолдонду. Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолуп, кичинекей бөбөктөр тарабынан сунушталган ыр-бийлер шаңга шаң кошуп, залдагылардын узак кол чабуусуна арзыды.
Белгилей кетсек, иш-чаранын соңунда 300 айымга белектер жана мэрдин куттуктоосу жазылган атайын куттуктоо баракчалары берилди. Ал эми белектерди даярдоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен 65 миң сом жумшалды.


