Акыркы суткада өлкөдө 6 өрт кырсыгы катталып, Беловодск айылында үй оокаттары күйүп кетти
Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, республиканын аймагында өткөн сутка ичинде 6 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Москва районуна караштуу Беловодск айылындагы турак жайлардын биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен бөлмөнүн ичиндеги диван, сыналгы, эшик, терезе, төшөнчүлөр күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Ошондой эле Базар-Коргон районуна караштуу Базар-Коргон айыл аймагында Матиз үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткычы күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.