super.kg logo

Бишкекте Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтунун ректору пара алып жаткан жеринен кармалды

 

Бүгүн, 12-февралда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү Бишкек шаарындагы Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтунун ректору Р.Табышевди пара алып жаткан жеринен кармашты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, ректор өзүнүн студенттеринен сынактык баа үчүн 18 миң сом алмакчы болгон. Бул окуя боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "пара өндүрүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, Ташыбаев убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: