super.kg logo

Ошто түштүк аймагынын 20 имамы атайын окуу курсунан өтүп, сертификатка ээ болду

 

Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" мечитинде Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынан келген 20 имам имамдардын билим деңгээлин жогорулатууга багытталган курстун алгачкы 20 күндүгүн аяктап, атайын сертификатка ээ болду.

Облустук казыяттан кабарлашкандай, бул окуу курсу Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан “2020-жылга чейинки КРнын диний саясатты ишке ашыруу концепциясынын” алкагында өткөрүлдү. Окуу курсунда дин кызматкерлери жалпы 136 саатты камтыган Куран, акыйда, ислам тарыхы, кыргыз тарыхы жана мусулмандын жалпы жүрүм-турум эрежелери, анын укуктары тууралуу сабак алышып, тиешелүү комиссияга сынактарды ийгиликтүү тапшырышты. Жыйынтыгында сынактардан ийгиликтүү өткөн бардык дин кызматкерлерине Ош облусунун мусулмандар казыяты тарабынан даярдалган атайын сертификаттарды облус казысы Ниязали ажы Арипов тапшырды. Эскерте кетсек, аталган 20 күндүк окуу курсу жыл бою улантылып, кезектеги окуу курсу 11-мартта башталмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: