Коомдук ишмер, окумуштуу Рахат Ачылова 74 жаш курагында көз жумду

5-мартта философия илимдеринин доктору, белгилүү окумуштуу, коомдук ишмер Рахат Ачылова 74 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Кыргыз улуттук университетинен билдиришти.
Рахат Ачылова 1941-жылы Баткен облусунда туулган. 1963-жылы КМУнун тарых факультетин бүтүргөн. Ленинград мамлекеттик университетинин аспирантурасын аяктагандан кийин, 1966-жылы КМУда Социологиялык лабораториянын кафедра башчысы, Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер институтунун ректору, Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору, Кыргызстан айыл чарба институтунун кафедра башчысы болуп эмгектенген. Ал 15тен ашык илимий эмгектин, анын ичинде 3 монографиянын автору. Рахат Ачылова Ардак белгиси ордени жана медалдар менен сыйланган. Анын илимий эмгектери негизинен үй-бүлөлөрдүн байыркы доордон азыркы күнгө чейинки өсүп-өнүгүүсүн, абалын, кыргыз мамлекетиндеги аялдардын коомдогу ролун, маданиятын изилдөөгө багытталган.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Р.Ачылованын жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(5)
Akzholtoi

06.03.2015. 11:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун!
Bektur2

06.03.2015. 11:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун билип билбей кетирген кунолорун жараткан аллахым озу кечирсин
sovet88

06.03.2015. 12:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арты кайрылуу болсун. Эжебизди жаш болсо керек деп ойлочум.арадан коп жылдар отуп картайып калыптырго байкуш.
football1

06.03.2015. 12:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым жайын жаннаттан берсин
chalkan

06.03.2015. 13:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эже жакшы киши эле, жаткан жери жайлуу, арты кайрылуу болсун.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.