Ош шаарындагы эстакадалык көпүрө сентябрь айынын ортолорунда ишке берилет



Ош шаарындагы эстакадалык көпүрө сентябрь айынын ортолоруна барып ишке берилет. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Ош шаарынын 2014-жылдын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыктары боюнча маалымат жыйынында мэр Айтмамат Кадырбаев билдирди. Анын айтымында, көпүрө орусиялык гранттын эсебинен курулуп жатат.
“Эстакадалык көпүрөнүн курулушу мыйзам бузуу менен башталган. Азыр бул боюнча орган кызматкерлери күнөөлүү адамдарды жоопко тартуунун үстүндө иштеп жатышат. Ал эми көпүрөнүн курулушун айтсак, ал 3 этап менен жүрүүдө. Азыркы тапта 2-баскычына келип жеттик. Курулуш иштери көпүрөнүн жанына жол куруу менен аяктайт. Кудай буюрса, объект күзүндө толук кандуу ишке берилет”,- деди Кадырбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
2

Кайра азыркы тапта 2-баскычына келип жеттик дейт го.
"Кудай буйруса"деп айтса жакшы болмок беле...