super.kg logo

Жарандык активист: "Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон 5 миң кыргыз жоокеринин 325и табылып, өздүгү аныкталды"

 

Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон 5 миң кыргыз жоокеринин 325и табылып, өздүгү аныкталды. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында жарандык активист Каныбек Мырзаканов билдирди. Анын айтымында, кыргыз жеринин жоокерлери кандуу 1941-1945-жылдары көбүнчө Орусиянын, Беларустун, Украинанын, Польшанын, Венгриянын, Румыниянын, Германиянын талааларында дайынсыз жоголушкан.

“Азыр убакыттын өтүшү менен жарандык активисттер өздөрүнүн болгон мүмкүнчүлүктөрүнө жараша ата-бабаларын издөө менен алек. “Жеңиштин аттары” аттуу акциянын алкагында азыркы тапта 325 жоокердин сөөктөрү табылып, жакын туугандарына өткөрүлүп берилди. Тилекке каршы, бизде каржы маселеси өтө курч туруп жатат. Биз бийликке кайрылат элек, Ата Мекенди коргогон бабаларыбыз 70 жыл өтсө дагы табыла элек. А каржы маселесин көтөрө келгенде, "силер демөөрчү таап, өз билгениңерди кылгыла" дегениңер жакшы эмес”,- деп билдирди.

“Биз Улуу Жеңиштин жоокерлерин издөөнү бир гана 9-Майга карата эстебешибиз керек. Бул жылдын 365 күнү бою талкууланчу маселе, муну унутпайлы”,- деп кошумчалады жарандык активист.    






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
06.03.2015. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы биздин чон чон атабыз да дайынсыз жок болгон экен ошол согушта.
06.03.2015. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы жоролго журуп жатыптыр мамлекеттин казынасынан аз да болсо акча болуп беришсе болмок ЖК депутаттары эмне олтурат алдыдагы шайлоого пайдасы тиймек
06.03.2015. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон Атам согуштан дайынсыз жок болгон кара кагаз келген эмес каяка кайрылса болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: