super.kg logo
  Саясат  

Феликс Кулов: "Бизди "мээси жоктор" дешсе, сүйүнүшүбүз керек"

 
Бүгүн, 6-мартта "Ар-намыс" фракциясынын жыйынында өкмөттүн жаңы түзүмүнө (буга чейин өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү демилгеси сунушталган) мамлекеттик корпорациялар деген органды кошуу демилгеси каралды. Жыйында фракция лидери Феликс Кулов депутаттарды сындаган өкүлгө жооп берди.
"Серепчилер ар дайым биздин ишмердүүлүгүбүзгө баа берип турушат. Айрымдар бизди сынга алышса да, өз сунуштарын кошушат. Бирок бир серепчи жергиликтүү басылмаларга берген маегинде өкмөттүн биз сунуштап жаткан жаңы түзүмүн сынга алып, бизди "мээси жоктор" деди. Ушундай кеп болгондо, биз сүйүнүшүбүз керек. Анткени өз сунушун айтпагандыктан, анын (серепчинин) өзүнүн мээси жок",- деди Кулов.
Эскерте кетсек, "Ар-намыс" фракциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмүнүн долбоорун сунуштаган. Ага ылайык, учурдагы 15 министрликтен 9ун гана калтыруу демилгеленүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: