super.kg logo
  Спорт  

Криштиану Роналду 2 жыл катары менен дүйнөнүн эң бай футболчусу болуп табылды

 
Тизмеде 2-3-орунду ээлеген Лионель Месси менен Неймар
Алдыңкы бештикке кирген Златан Ибрагимович жана 2013-жылы дүйнөнүн эң бай футболчусу болуп табылган Дэвид Бекхэм
Алдыңкы бештикке кирген англиялык футболчу Уэйн Руни

Мадриддик “Реал” клубунун жана Португалия курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду экинчи жыл катары менен жылдын мыкты футболчусу болуп табылды. Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, 2014-жылдын мыкты футболчусу болуп табылган Криштианунун карамагындагы каражат 210 миллион еврону көрсөтүп турат.

Футболчунун кирешеси киргизген голдору үчүн алган кошумча акчалай сыйлыктардын эсебинен, “Алтын топ” сыйлыгын алганынан, УЕФАнын Чемпиондор Лигасын жана клубдар аралык Дүйнө чемпиондугунун утканынан улам артып отурган. Андан тышкары Криштиану Роналду бир катар ири ишканалар менен түзүлгөн келишиминин негизинде ири суммага ээ болуп келет.

Ири басылмалардын бири түзүп чыккан бул тизмеде 2-орунда “Барселона” клубунун аргентиналык футболчусу Лионель Месси жайгашса, 3-орунду бразилиялык футболчу Неймар ээлеген. Алдынкы бештикте ПСЖнын футболчусу Златан Ибрагимович менен англиялык “Манчестер Юнайтеддин” чабуулчусу Уэйн Рунинин ысымы бар.

Кошумчалай кетсек, бул тизмени 2013-жылы англиялык Дэвид Бекхэм жетектеген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.03.2015. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алга роналдо дос ишине жана фудболдогу карерана чоооон ийгилик чоон чоон ийгиликтерди жарата бер кудаа кааласа быйыл даагы алтын топту алышынды жылдын мыкты фудболчусу болушунду каалайм досум алга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: