super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: "Аялзат – махабат, сулуулук, энелик мээрим жана үйдүн куту болгон бүтүндөй дүйнө"

 

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев айымдарды 8-Март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:

"Урматтуу айымдар жана кыз-келиндер!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди жаз майрамы болгон 8-Март - Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Жадырган жаз майрамы өзү менен кошо түгөнбөгөн жакшылыктарды жана турмуштук оптимизмди ала жүрөт. Миңдеген жылдар бою аялзатынын сулуулугу, акылдуулугу, таланты, ажардуулугу даңазаланып ырдалып келет. Анткени аялзаты – махабат жана сулуулук, энелик мээрим жана үйдүн куту болгон бүтүндөй дүйнө. Бүгүнкү күнү мамлекеттеги жана коомдогу бир дагы чөйрөнү аялдарсыз элестетүүгө мүмкүн эмес. Аялдардын Кыргыз Республикасынын экономикасына, билим берүүсүнө, саламаттык сактоосуна, маданиятына, илимине кошкон салымдары чынында эле эбегейсиз. Алар өлкөбүздө жүргүзүлүп жаткан реформалардын да эң активдүү катышуучулары.

Согуштун азабын тартып жана өлкөнү калыбына келтирүү жылдары жан үрөп эмгектенген улуу муундагы ардагер энелерибизге таазим кылуу менен өзгөчө ыраазычылык билдирем. Жыл сайын кыргыз мамлекетиндеги аялдардын коомдогу социалдык жигердүүлүгү өсүүдө, алардын коомдун саясий жашоосуна, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине катышуусу артууда. Ошону менен бирге аялдар ар кандай мамлекеттик жооптуу кызматтарда демилгелүүлүктү, жаратмандык иш маанайын жана өздөрүнүн иштеринин жыйынтыгына карата жогорку жоопкерчилигин көрсөтүшүүдө.

Өз үй-бүлөсүнүн тагдырына, балдарынын келечегине, үй-бүлөлүк бакубаттыкка болгон аялзатынын жоопкерчилигинин мааниси баа жеткис.

Урматтуу айымдар! Энелер, эже-карындаштар!

Баарыңыздарга ден соолук, бакыт-таалай, жадыраган маанай каалаймын!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: