Аксыдагы "Бозбу-Тоо" кенин иштетүү лицензиясы аукционго коюлат
Геология жана минералдык ресурстар агенттиги Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы "Бозбу-Тоо" кенин иштетүү лицензиясын аукционго коёт. Бул тууралуу 6-мартта аталган агенттиктен билдиришти. Аукцион 2015-жылдын 29-апрелинде Аксы райондук акимчилигинде өтүп, жеңүүчү аталган кендин түндүк тилкесин иштетүү укугуна ээ болот. Аукционго катышуучулардын документтери 23-апрель, саат 15:00гө чейин кабыл алынат (дареги Бишкек шаары, Эркиндик бульвары-2, 225-бөлмө).
Айта кетсек, аталган кенден мрамордук баалуу таш казылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:38
2025-07-23
11:48
2025-07-23

Рейтинг:
0

