Орусия. Борис Немцовдун өлүмүнө шектелип 2 адам кармалды
Орусияда Борис Немцовдун өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмышка шектелип 2 адам кармалды. Бул тууралуу 7-мартта орусиялык маалымат булактары Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортниковго шилтеме берүү менен жарыялашты. Маалыматка таянсак, кармалгандар Кавказдын тургундары: Анзор Кубашев жана Заур Дадаев. "Учурда зарыл болгон бардык ыкчам иликтөө иштери жүрүүдө",- деп билдирет Бортников.
Эскерте кетсек, оппозициялык саясатчы Борис Немцовду быйыл 28-февраль түнү Москва шаарында белгисиз бирөөлөр атып кетишкен эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
2
2
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















