Кыргыз мушкери Азат Усеналиев Дүйнөлүк бокс серияларында утулуп калды

“Украиналык атамандар” клубунун мүчөсү, кыргыз мушкери Азат Усеналиев Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларындагы кезектеги беттешинде утулуп калды. 7-мартта мелдештин 8-турунда аталган клуб Мексиканын “Мексикалык баатырлар” клубу менен кез келди. Анда командалык эсепте украиналыктар 5:0 эсебинде утулуп калышты. 52 килограмм салмактагы клубдун мүчөсү, кыргыз мушкери Азат Усеналиев да 3 калыстын чечими боюнча 3:0 эсебинде утулду. Бул тууралуу украиналык клубдун расмий сайты кабарлайт.
Кошумчалай кетсек, бул А.Усеналиевдин үчүнчү беттеши. Буга чейин ал британиялык Эндрю Селбини утуп, орусиялык Виталий Веткинге утулуп калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

кайра эле бере–бересиздерби?
Бул башка беттеш, мурун жазылган кабар башка беттеш болчу: http://www.super.kg/kabar/news/102082/
Кыргыз үчүн жеңсең болду. Аа бөлөктөргө өзүндүн көнүлүңө кара.