Бишкекте "Кургак учукту жеңебиз!" долбоорунун алкагында тренингдер өтүүдө
Бишкекте 5-6-мартта "Кургак учукту жеңебиз!" долбоорунун алкагында Чүй облусу жана Бишкек шаарындагы кургак учук лабораторияларында сапаттуу менеджмент системин киргизүү боюнча тренинг өттү. Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, тренингди "Үй-бүлөнүн саламаттыгы боюнча эл аралык уюмдун" өкүлдөрү өткөрүштү. "Окутуунун максаты - кургак учук лабораторияларында башкаруу жана сапаттуу мониторинг жүргүзүү үчүн потенциалды күчөтүү",- деп билдирет министрлик.
"Кургак учукту жеңебиз!" долбоорунун өкүлү Замира Байдуллаеванын билдиришинче, кургак учукка каршы күрөшүү боюнча улуттук программанын алкагында жаңы пилоттук райондор тандалды. Жумуш үч багытта жүрүп жатканы айтылды: баа берүү иштерин уюштуруу, адистерди окутуу жана мониторинг системин ишке киргизүү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:38
2025-07-23
11:48
2025-07-23

Рейтинг:
0

