super.kg logo

11-мартка чейин өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт

 

10-11-мартта өлкө аймагындагы тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт. Унаа жолдор тайгак болот. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул күндөрү абанын температурасы төмөндөп, кыштоо жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Ошондой эле айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратат, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. 

"Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -6°С суук, күндүз +3°С жылуу болсо, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5°С суук, күндүз +5°С жылуу болот. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -9°С суук, күндүз +3°С жылуу жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -17°С суук болсо, күндүз -6°С суук болот. Тоолуу райондордо түнкүсүн -20°С, күндүз -10°С суук болушу күтүлөт" деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: