super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте дзюдо спорту боюнча эл аралык мелдеш старт алды

 

Бүгүн, 9-мартта Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда дзюдо боюнча эл аралык мелдеш старт алды. “Дордой Кубогу-2015” деген аталыштагы мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын спортчулары жана кыргыз спортчулары катышууда. SUPER.KG порталына мелдештин башкы калысы Айзада Кадыралиева кабарлагандай, катышуучулардын саны 300гө чукулдайт.  

Анда кыз-келиндер арасында жалпысынан 7 салмакта (48 килограмм, 52 кг, 57 кг, 63 кг, 70 кг, 78 кг, 78 килограммдан жогорку салмакта), уландар арасында да 7 салмакта (60 кг, 66 кг, 73 кг, 81 кг, 90 кг, 100 кг, 100 килограммдан жогору) жеңүүчүлөр аныкталат. “Биринчилик 11-мартта жыйынтыкталат. Мелдештин биринчи жана экинчи күнүндө салмак категориялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталат. Ал эми акыркы күнүндө командалык эсепте жеңүүчүлөрдү аныктайбыз”,- дейт А.Кадыралиева. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: