Эшек этине байланышкан чуудан кийин айрым тамактануучу жайларда ветеринардык кызматтын документтери көрсөтүлүүдө





Борбор калаада коомчулукту дүрбөлүңгө салган эшектин эти тууралуу окуядан кийин айрым тез тамактануучу жайларда колдонулуучу эттер тууралуу маалыматтар көрсөтүлө башталды.
Автор: Мальвина Уметбекова
Фото: Мальвина Уметбекова
Киев жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде бир нече тез тамактануучу жайлар жайгашкан. Алардын биринин айнегине бир-эки күндөн бери ветеринардык кызматтын тиешелүү документтери жана колдонулган эт уйдун эти экендиги тууралуу маалымат илинди. Маалыматта көрсөтүлгөндөй, эт лабораториядагы тиешелүү текшерүүлөрдөн өтүп, анын жыйынтыгы бардык талапка жооп берери айтылган.
Айта кетсек, борбор калаадагы эшектин эти тууралуу окуядан кийин тамактануучу жайларда жана кафелерде тамактангандардын саны кескин азайган. Бул тууралуу кафе ээлери билдирип, чоң чыгымдарга учурагандарын айтып чыгышкан эле. Андан сырткары базардагы эт жана колбаса сатуучу жайларда да аталган азыктарды алгандардын саны азайганы байкалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(5)
maks100589

10.03.2015. 10:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Көрсөтсө да көчөдөн жебей калдым. Эт менен болгон тамактардын баардыгынан баш тарттым. Ал документтери да жасалма чыгар.
Мэри

10.03.2015. 11:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура кыласыз...
Bektur2

10.03.2015. 11:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эл ишенбей калды го ветеринарлардын кандай иштерин баары билет
edil.kg

10.03.2015. 12:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Bektur2, ветеринарларга не болуптур иштеп жатат ветеринарлар иштебегенде жугушттуу орулар кобойуп кетмек
temirov76

10.03.2015. 20:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ветеринарлар иштеп жаткан болсо, эмне учун ушул иш эми ачыкка чыгып олтурат?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.