Муниципалдык кызматкерлер кыргыз тилинен сынак тапшырууга даярданышууда



Муниципалдык кызматкерлерге “Кыргыз тест” системи боюнча семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 10-март күнү билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чараны мекеменин карамагындагы Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча бөлүм менен Улуттук тестирлөө борбору биргеликте уюштурушту.
Семинарга мамлекеттик тил боюнча адистер, котормочулар жана Бишкек мэриясынын кызматкерлери катышышты.
Айта кетсек, "Кыргыз тест" системи өлкөдө жарандардын кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоогоо багытталган. Ал 2013-жылы 7 миллион сомго иштелип чыккан. Быйыл мекеме аралык мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тили боюнча сынактан өтө башташат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.