super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев "Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизди

 
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 2015-жылдын 28-январында кабыл алган. 
Мыйзамдын максаты - кыргыз жеринде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашырууда каржылоонун айрым булактарын аныктоону мыйзамдуу деңгээлде бекемдөө. Мыйзамда киргизилген толуктоого ылайык, өкмөт бюджеттик салык жана салыктык эмес кирешелери менен байланышкан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашырууда бюджеттик каражаттарды түзүүнүн жана пайдалануунун атайын тартибин белгилейт.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: