super.kg logo
  Саясат  

Парламенттин тийиштүү комитети мектеп, ооруканалардын аймагында курал сатууга тыюу салуу демилгесин колдоду

 
Парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети бүгүн, 10-мартта мектеп, оорукана, тамактануучу жайлардын жана башка социалдык мекемелердин аймагында курал сатууга тыюу салууга багытталган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.
Буга чейин депутат Галина Скрипкина куралдарды бир гана социалдык мекемелерге жакын жерде эмес, турак үйлөргө жакын аймакта да сатууга тыюу салуу керектигин айткан. ИИМ өз кезегинде "эгер мындай тыюу салынса, борбор калаадагы бардык курал сатуучу жайлардын көбү жабылып калат, анткени алар турак үйлөрдүн имараттарында жайгашкан" деп жооп берген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: