super.kg logo
  Саясат  

Бишкек менен Оштун мэрлерине мамлекеттик органдардын аймактык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын кызматтан алууну демилгелөөгө уруксат берүүчү мыйзамга кол коюлду

 

Президент Алмазбек Атамбаев "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 28-январында кабыл алынган.

Мыйзам "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзамдын 31-беренесинде каралган мамлекеттик кызматкерди  ээлеген кызматынан бошотуунун негиздерин төмөндөгүлөр менен толуктайт:

- “Борбордун статусу жөнүндө” жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарында каралган тартипте Бишкек же Ош шаарынын мэри аны бошотууга сунуштама киргизгенде;

- “Борбордун статусу жөнүндө” жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарында каралган тартипте Бишкек же Ош шаардык кеңеши ишеним көрсөтпөгөндө.

Бул сунуш “Борбордун статусу жөнүндө” жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамдардын 21-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн ишмердигин координациялайт, алардын жетекчилерин дайындоого макулдугун берет, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилик кызматына талапкерлердин сынактык тандоосуна катышат, Кыргыз Республикасынын сотторунан, прокурорлорунан, улуттук коопсуздук жана мамлекеттик статистика органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен башкасын, милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбаган учурларда мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызматынан бошотуу тууралуу маселени көтөрүүгө укуктуу болгондугу менен шартталган.                                          Мындан тышкары “Борбордун статусу жөнүндө” жана“Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамдардын 15-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Бишкек же Ош шаардык кеңештеринин компетенциясына Кыргыз Республикасынын сотторунан, прокурорлорунан, улуттук коопсуздук жана мамлекеттик статистика органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен башкасын, милдеттерин жана шаардык кеңештин чечимдерин тиешелүү деңгээлде аткарбаган учурларда мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине ишеним көрсөтпөө тууралуу маселени көтөрүү милдети дагы кирет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: