super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин төрагасы мыйзам чыгаруудагы тил маселеси боюнча 4 сунуш айтты

 
Бүгүн, 10-мартта парламентте “Мыйзам чыгаруудагы мамлекеттик тилдин маселелери” деген темада өтүп жаткан конференцияда спикер Асылбек Жээнбеков аталган маселе боюнча өз сунуштарын айтты.

"Биринчиден, мыйзамда камтылган ойдун мамлекеттик жана расмий тилдердеги варианттарынын өз ара шайкештигине жетишүүбүз зарыл, башкача айтканда, мыйзамды эки тилде бирдей деңгээлде жазуу маселеси турат.

Экинчиден, мыйзамдагы түшүнүктөрдүн расмий тилге туура которолушу. Анткени мыйзамдын мамлекеттик жана расмий тилдеги варианттарынын ортосунда ажырым байкалса, мыйзамдын мамлекеттик тилдеги варианты жетекчиликке алына турганын эстен чыгарбоо зарыл.

Үчүнчүдөн, башка тилдерден кирген жаңы сөздөрдү, атоолорду, түшүнүктөрдү колдонуу жаатындагы баш аламандыктар. Аларды маанисине жараша которобузбу же сөзмө-сөз алабызбы, тилдин ички мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу аркылуу жаңы атоолорду жасайбызбы же башка тилдеги даяр атоолорду өздөштүрүп алганыбыз жөндүү болобу? Бул талаштын башын ачып алышыбыз керек.

Төртүнчүдөн, мамлекеттик тилди андан ары өнүктүрүү жаатында эл аралык тажрыйбанын алдынкы үлгүлөрү менен алгылыктуу жактарын кыргыз кыртышында өнө тургандай пайдалануу жолдорун аныктоо, тагыраак айтканда, кыргыз тилиндеги мыйзам тилин өркүндөтүүнүн жаңы жолдорун, заманбап усулдарын, ийкемдүү ыкмаларын иликтөө жана аларды өз ишибизде колдонуу милдети турат",- дейт Жээнбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: