Жогорку Кеңештин комитети 2009-жылдын 31-июлуна чейин сугат жерлерине курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу демилгесин колдоду
Бүгүн, 10-мартта парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети сугат жерлерине мыйзамсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Демилгечилердин билдиришинче, бул мыйзам долбооруна ылайык, 1983-жылдан 2009-жылдын 31-июлуна чейинки мезгилде республиканын сугат-айдоо жерлеринде курулган 38 194 үй мыйзамдаштырылмакчы. Бул үйлөрдө жалпы 41 739 үй-бүлө жашай турганы айтылды.
Депутат Эсенгул Исаковдун айтымында, 1983-жылдан 2009-жылга чейинки мезгилде республиканын 32 районунун 217 айыл өкмөтүндө 13 478 гектар аянтка, анын ичинде 11 784 гектар сугат жерине өз билемдик менен турак үйлөр курулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:38
2025-07-23
11:48
2025-07-23

Рейтинг:
0

