super.kg logo

Акыркы суткада өлкөдө 6 өрт кырсыгы катталып, борбордогу мончолордун биринин чатыры күйүп кетти

 

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Борбордогу Дэн Сяопин көчөсүндөгү турак жайлардын биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 20 чарчы метр мончонун жыгач устундуу, калай менен жабылган чатыры күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна меш менен мордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон. Ошондой эле Кочкор районундагы турак жайлардын биринен өрт чыкты. Анын кесепетинен аянты 15 чарчы метр курулуш чарбасынын жыгач устундуу, шифер жабылган чатыры күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна этиятсыздык себеп болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: