Облустарда атасыз өскөн балдарга жана жесир аялдарга колдоо көрсөтүү максатында иш-чара өттү







Атасынан эрте ажыраган өспүрүмдөргө жана жесир аялдарга колдоо көрсөтүү максатында Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы майрамдык иш-чараларды өткөрүүдө. Бул тууралуу 10-мартта уюштуруучулар билдиришти.
Белгилүү болгондой, иш-чаралар өткөн аптада Нарын жана Ысык-Көл облустарында өткөрүлсө, 9-март күнү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда каттоого турган атасыз балдарга жана апаларына майрам тартуулады. Ага Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, КРнын Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси Н.Момуналиев, КРнын Социалдык өнүгүү министри К.Базарбаев, Сауд Арабия падышачылыгынын элчиси Саид Баюми жана 500дөн ашык жетим бала апалары менен катышты. Кече элге белгилүү эстрада жылдыздарынын жана маданият кызматкерлеринин көркөм чыгармалары менен коштолду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.