super.kg logo
  Саясат  

Наталья Никитенко: "Жергиликтүү бийлик органдарын негизсиз текшерүүлөр тармакта иштегендердин дымагын өчүрүүдө"

 

"Жергиликтүү бийлик органдарынын ишин мамлекеттик органдар тарабынан негизсиз текшерүү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн эмгектенүүгө болгон каалоосун кетирүүдө". Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети жана Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин биргелешкен отурумунда депутат Наталья Никитенко билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаттарынын алдында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жогорулатуу милдети турат. "Парламент бул багытта иш жүргүзүп, бир нече мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген. Бирок бул тармакта реформа жүргүзүү оор. Жергиликтүү бийликти керектүү шарттар жана мүмкүнчүлүктөр менен камсыздаш керек. Бирок улам-улам орун алган текшерүүлөр, функцияларды чектөөлөр сындарды жаратууда. Мындай көрүнүш жергиликтүү бийликте эмгектенүүгө болгон каалоону кетирүүдө",- деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: