super.kg logo
  Саясат  

Башкы прокурордун орун басары Темирбек Бекмаматов "аткезчилик жүк боюнча УКМКнын 3 кызматкерин коргоп жатат" деп айыпталды

 
Темирбек Бекмаматов, башкы прокурордун биринчи орун басары
Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 10-марттагы жыйынында өкмөт өкүлдөрү башкы прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмаматовду айыпташты. Аны "аткезчилик жол менен жүк ташыгандарды коштоп жүргөн УКМКнын кызматкерлерин коргоп жатат" деп сындады Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Руслан Умаров.  
"Жүктү УКМКнын 3 кызматкери коштоп жүргөн. УКМКнын, Бажы кызматынын кызматкерлерине жана оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына кылмыш ишин козгоо үчүн бизге материалдар берилген. Бирок мага башкы прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмаматовдон телефон чалуу болуп, ал УКМКнын кызматкерлерин жоопко тартпоону өтүндү. Менде буга далил: 215 секунддук сүйлөшүүнүн аудиосу бар",- деп билдирди Умаров. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: