super.kg logo
  Саясат  

Парламент: Айыл өкмөттөрүн прокуратуранын кызматкерлери негизсиз текшерип жатышканы айтылды

 
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек Азизов прокуратура органдары тарабынан айыл өкмөттөрү негизсиз текшерилип жатканын парламент депутаттарына билдирди. Муну ал парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети жана Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 10-марттагы биргелешкен жыйынында айтты.
Анын билдиришинче, прокуратуранын жаш кызматкерлери жыйынтык үчүн гана иштөөнү көздөп, айыл өкмөттөрүн текшерип, кылмыш ишин козгоого аракет жасашууда. "Жергиликтүү бийликти текшерүүлөр боюнча расмий сандар бул айсбергдин үстү гана. Расмий эмес текшерүүлөр абдан көп. Прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөр айыл өкмөттө иштейм деген адамды "сындырып" коюуда. Көптөгөн текшерүүлөр болсо, 4 кылмыш иши козголгон. 3 фактысы жайыт жерлерине байланыштуу. Мындан эч кандай экономикалык зыян келген эмес",- дейт Азизов.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: