super.kg logo

Эртең Ысык-Көлдө жаш балдарга карата зомбулук, диний кырдаал талкууланат

 

Ысык-Көлдө эртең, 11-мартта Кыргыз Республикасындагы Мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Токтомушев Максатбек ажынын катышуусунда жыйын өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, жыйында улуттар аралык ынтымак, биримдик, өлкөдөгү диний кырдаалдар, Сирияга кетип жаткан тургундар, радикалдуу ислам агымдары, аялдар жана жаш балдарга болгон зордук-зомбулук жана башка динге тиешелүү маселелер талкууланат.  

"Ысык-Көл облусу боюнча өспүрүмдөрдүн диний-­экстремисттик уюмдарга тартылуусу аныкталган жок. Азыркы учурда мектепке барбай калган балдарды окууга алып келүү боюнча иштер күчөтүлүүдө. Диний уюмдардын өкүлдөрү менен биргеликте өспүрүмдөр жана ата-энелер менен жолугушуу, сүйлөшүүлөр өткөрүлгөн" деп айтылат маалыматта. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: