Былтыр социалдык коргоого пландалган акчанын 94,5 пайызы шаардык бюджеттен бөлүнгөн
2014-жылы Бишкектин бюджетинен социалдык коргоого 272,2 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу бүгүн Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, бул көрсөткүч пландалган акчанын 94,5 пайызын түзөт.
Былтыр жакыр жашаган шаардыктардын 174ү жумуш менен камсыздалган. 113 адам адистештирилген окуу жайга жөнөтүлгөн, 42 тургун коомдук жумуштарга тартылган. Ал эми 33 адамга 990 миң сомго чакан насыя берилген.
Муну менен катар 2014-жылы Балдарды зордук-зомбулуктан коргоо боюнча борбор 464 жаш балага психологиялык, юридикалык жана социалдык жардам көрсөткөн. 22 кылмыш иши жабырлануучу тараптын пайдасына чечилген. 231 оозеки кеңеш берилсе, 135 кеңеш телефон аркылуу берилген. Былтыр Балдарды зордук-зомбулуктан коргоо боюнча борборду каржылоого 964 миң сом сарпталган.


