Мамлекеттик түзүмдөр тарабынан айыл өкмөттөрүн текшерүүлөр чектелиши мүмкүн
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу түзүмдөрүн текшерүүлөрдү оптимизациялоо боюнча жумушчу топко “Жергиликтүү өз алдынча башкармалыгы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууга 15-апрелге чейин убакыт берилди. Мындай чечим бүгүн, 10-мартта парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети жана Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин биргелешкен отурумунда чыгарылды.
Депутат Наталья Никитенконун айтымында, текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жана эрежелери бекитилиши керек. Мындан тышкары отурумда айрым депутаттар текшерүүлөргө мораторий киргизүүнү сунушташкан, бирок бул демилге колдоо тапкан жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:38
2025-07-23
11:48
2025-07-23

Рейтинг:
2

