super.kg logo
  Саясат  

"Мектептерди медайымдар менен камсыздоо керек" дейт депутат Орозова

 
Балдар бакчалары сыяктуу эле мектептер менен лицейлерди дагы медайымдар менен камсыздоо керек. Муну 10-мартта парламенттин Социалдык саясат комитетинин Ош шаарында өткөн көчмө жыйынында депутат Карамат Орозова билдирди. Балдардын көйгөйү талкууланган бул жыйында депутат Надира Нарматова Ноокат районундагы ВИЧ илдетинен жабыркаган балдардын абалын эске салып: "Алардын ата-энелери Бишкекке улам каттап, беттерин чүмкөсө дагы өз укуктарын коргоонун аракетин көрүшүүдө. Жергиликтүү шартта да алардын үнүн уга турган бийлик органдары негиздүү иш жүргүзүшү керек",- деп билдирди.

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин билдиришинче, ВИЧ илдети тууралуу иш алып барган эл аралык донорлор өз долбоорлорун жаба турган болсо, абал кыйындашы мүмкүн. “Бул багыттагы иштин натыйжасын камсыздоодо таасирдүү инвесторлорду тартуунун зарылчылыктары бышып жетилди”,- дейт министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: