Эс алуучу жайларда рейддерди жүргүзгөн "Кыргыз чоролору" бирикмесинин мүчөсү убактылуу кармоочу жайга киргизилди



"Кыргыз чоролору" бирикмесинин мүчөсү Замир Көчөрбаев Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта аталган кыймылдын мүчөлөрү билдиришти.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: SUPER.KG
Маалыматтарга ылайык, З.Көчөрбаев өз кыймылы менен өткөн жылдын декабрь айынын соңунда Бишкек шаарындагы "Таатан" соода борборунун жанында жайгашкан караоке-клубду сойкукана деп атап, аны өзүм билемдик менен текшерүүгө алгандыгы үчүн кармалды.
Айта кетсек, аталган факт боюнча "ээн баштык" жана "тоноо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Провокация жарата турган, кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Ар бир колдонуучу өз ой-пикирин жазганга укуктуу, бирок порталдын эрежелеринин негизинде гана.