super.kg logo
  Саясат  

Салыктык отчётту электрондук формада берүү системине 5 миңдей салык төлөөчү кошулганы айтылды

 
Мамлекеттик салык кызматында салык отчётторун электрондук түрүндө берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн системи иштеп жатат. Азыркы учурда бул системге 5 миңден ашык салык төлөөчү кошулган. Бул тууралуу 11-мартта аталган мекемеден билдиришти. 

"Салык отчётторун электрондук берүү” кызматын пайдаланган салык төлөөчү автоматтык түрдө “Салык төлөөчүнүн бөлмөсү” сервисине кире алат. Сервистин жардамы менен колдонуучулар бюджет менен эсептешүүнүн абалы жөнүндө, каттоо дайындары жөнүндө маалыматтарды ала алышат",- деп билдирет мекеме. 

Салык кызматынын 2015-жылкы негизги пландары: салыктар боюнча планды ай сайын 100 пайызга аткаруу, салык төлөөчүлөр тарабынан электрондук түрдө отчёт берүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, накталай эмес эсептешүүнүн тутумун кеңейтүү экени айтылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: