super.kg logo
  Саясат  

Башкы прокуратура менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын ортосундагы чырды иликтөө үчүн жумушчу топ түзүлдү

 
Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети 10-марттагы жыйынында Башкы прокуратура менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынынын ортосундагы чырды талкуулады. Аталган кызматтын тергөө бөлүмүнүн башчысы Руслан Умаров "аткезчилик менен жүк ташыгандарды коштоп жүргөн УКМКнын кызматкерлерин коргоп жатат" деп башкы прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмаматовду айыптады. "Жүктү УКМКнын 3 кызматкери коштоп жүргөн. УКМКнын, Бажы кызматынын кызматкерлерине жана оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына кылмыш ишин козгоо үчүн бизге материалдар берилген. Бирок мага башкы прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмаматовдон телефон чалуу болуп, ал УКМКнын кызматкерлерин жоопко тартпоону өтүндү, менде далил бар",- деп билдирди жыйында Умаров. 
Бул окуяны иликтөө үчүн комитет жумушчу топ түзүү чечимин кабыл алды. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: