Акыркы суткада өлкөдө 5 өрт кырсыгы катталып, Сузак районунда турак үй өрттөнүп кетти
Жарандык
коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 өрт
өчүрүү бөлүмү тартылган.
Автор: Мальвина Уметбекова
Сузак
районуна караштуу Таш-Булак айыл аймагында турак үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 153
чарчы метр турак үйдүн жыгач устундуу, шифер жабылган чатыры, 10
төшөк, 4 эшик, 4 терезе, муздаткыч, сыналгы, документтер, 4 бөлмө толугу менен күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Ошондой эле Каракол
шаарындагы көмөк чордондон өрт чыкты. Анын кесепетинен көмөк чордондун майы күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо коопсуздук эреженин
бузулушу себеп болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.