Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы: "Кыргыз чоролору" бирикмесинин мүчөсү кармалган эмес, суракка чакырылган"
"Кыргыз чоролору" бирикмесинин мүчөсү Замир Көчөрбаев кармалган эмес, болгону суракка чакырылган. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Замир Көчөрбаев кечээ күндүз суракка чакырылган. Бирок ал жумуштары менен убагында келе албай калып, саат 21:00 чамасында тергөөчүгө келип көрсөтмө берген.
Буга чейин "Кыргыз чоролору" бирикмесинин мүчөлөрү Замир Көчөрбаевдин убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдиришкен.
Айта кетсек, "Кыргыз чоролору" бирикмесинин мүчөлөр сойкукана деп бир катар караоке-клубдарды текшерүүгө алышкан эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.