super.kg logo

Бишкектеги Перинаталдык борбордун мамлекетке 7 миллион сомдон ашык зыян келтиргени аныкталды

 

Бишкектеги Перинаталдык борбордо коррупциялык схема аныкталып, мамлекетке 7 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2013-2014-жылдары аталган борбор тарабынан дары-дармек үчүн фармацевтикалык ишканага акча каражаты которулган. Бирок дары-дармек аталган борбордун дары сактоочу жайына келип түшкөн эмес. Мындан улам жалпы келтирилген чыгым 2 жыл ичинде 7 миллион 668 миң сомго жеткен. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Айта кетсек, буга чейин Бишкектеги Перинаталдык борбордун кызматкери акча каражаттарын уурдоо фактысын жабуу үчүн 500 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалганын жазган элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.03.2015. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой,ушул 4-роддомдун ызы- чуусу деги качан бутот?Кызматчыларын туп тамырынан бери алмаштырыш керек,санитаркаларын баш кылып!Баскан ар бир кадамына акча алышат,коррупциянын дал очогу- ушул жер!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: